• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткен: Чуңкур-Кыштак айылындагы мектептин курулушу жаңы окуу жылына бүткөрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 20.08.21. /Кабар/. Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Чуңкур-Кыштак айылындагы жаңы мектептин курулушу окуу жылынын башталышына бүткөрүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда мектептин курулуш иштери 80%га бүтүп калды. Бүгүнкү күндө подряддык уюм тарабынан ички жасалгалары, тышкы келбети жана абаттуулугу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

"Аталган мектеп 275 окуучуга ылайыкталып, 500гө чейинки окуучуну окутууну камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Ал эми долбоор боюнча окуу корпусу, галерея, ашкана, спорттук зал, актовый зал жана жабдылган химия, физика жана информатика класстары каралган. Ошондой эле мектепте толук кандуу окуу процесси үчүн бардык зарыл болгон шарттар жана эмеректер менен жабдылат",-деп айтылат маалыматта.

Белгилеп кетсек, аталган объект 2019-жылдын октябрь айында башталып, сметалык наркы 723 миң 861 АКШ долларын түзгѳн.

Мектептин курулушун бүткөрүү бекитилген графикке ылайык, 2021-жылдын жаңы окуу жылына пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий