• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сузак районунун акими: Пенсионерлердин 30%ына пенсиялары жеткирилди

Аймак 0

Бишкек, 17.04.20. /Кабар/. Сузак районунда пенсионерлердин 30%ына пенсиялары жеткирилди. Бул тууралуу Жалал-Абад ТВ каналынын түз эфиринде Сузак районунун акими Эрмекбай Омошев билдирди.

"Өзгөчө абал киргизилгенге чейин пенсионерлердин 70%ы пенсияларын банктар аркылуу алчу. Бирок азыркы шартка байланыштуу пенсионерлер үйдөн чыкпасын, эч ким менен байланышта болбосун деген максатта пенсияны почта кызматы аркылуу жеткирүүнү пландаштырганбыз. Бүгүнкү күнү пенсиянын 30%ы жеткирилди. Пенсия кечигип жатканы боюнча бушайман болуп жатасыздар. Мен аким катары сиздердин кечирим сурайм. Ошол эле учурда бул иштердин баары сиздердин ден соолугуңуздарга кам көрүү максатында жасалган. Сабырдуулук менен күтүп турсаңыздар. Акыркы пенсияны 23-апрелде беребиз деп пландап жатабыз", - деди ал.

Аны менен бирге ал жардамга муктаж жарандарга кайрылып, жардам алуу үчүн 1227.tunduk.kg порталына кирип электрондук түрдө арыз калтырса болорун билдирди.

"Ал жактан маалыматтар биздин районго келип түшүп, ал маалыматтар боюнча жарандарга көмөк көрсөтүлөт", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий