• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте төрт дарыгери коронавирус жуктуруп алган №17 Үй-бүлөлүк медицина борбору жабылды

Ден соолук 0

Бишкек, 17.04.20. /Кабар/. Чоң-Арык айылындагы №17 Үй-бүлөлүк медицина борбору дезинфекциялоо үчүн жабылды. Дезинфекциялоо иштери борбордо иштеген төрт дарыгердин коронавирус жуктуруп алгандыгына байланыштуу жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык анализдердин жыйынтыктары бүгүн маалым болгон.

Министрликтен белгилешкендей, азыркы убакта байланышта болгон жактар аныкталууда.

Пикир

Оставить комментарий