• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ат-Башы районунда ири инвестициялык форум өттү

Аймак 0

Бишкек, 05.08.23./Кабар/. Күн мурун Нарын облусунун Ат-Башы районунда "Бүгүнкү аракет – эртеңки келечек" аталышында инвестициялык форум өткөрүлдү. Бул тууралуу агенттикке президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чаранын алкагында райондун аймагында 7 кластердик ыкма менен өндүрүлгөн эт, сүт, бал, балык, карагат, чычырканак, дары чөп сыяктуу органикалык продукциялар жана туризм багытында кол өнөрчүлөрдүн буюмдары атайын тигилген боз үйлөрдө көргөзмөгө коюлду. Ошондой эле жаш техниктердин инновациялык ойлоп табуулары үчүн атайын көргөзмө уюштурулду.

Форумдун негизги бөлүгүндө 7 кластердик багыт боюнча презентациялар жасалып, секциялык иштер жүргүзүлдү.

Форумга КР экономика жана коммерция министринин орун басары Кубанычбек Закенаев, президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров, Айыл чарба министрлигинин алдындагы Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борборунун директору Төрөкул Беков жана бир катар эл аралык уюмдардын, финансы институттарынын өкүлдөрү, ишкерлер, эл аралык жана ата мекендик өнөктөштөр катышты.

Форумдун жыйынтыгында 18 кызматташуу меморандумуна кол коюлду.

Мындан сырткары, Ат-Башы районунун Ак-Талаа айылында "Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу" долбоорунун алкагында үлгүлүү көрсөтмө фермердик чарба ачылды.

Аталган долбоор КР Айыл чарба министрлигинин алдындагы Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борборунун демилгеси жана Дүйнөлүк банктын колдоосу менен сүт кластерин өнүктүрүү багытында ишке ашууда.

Долбоордун алкагында фермер Надырбек Макеевге курулуш материалдары жана уй сааган жабдуулар алынып берилген. Бул чарбада башка фермерлерге сүт багытындагы уйларды багып, андан киреше табуунун ийгиликтүү технологиялары көрсөтүлөт.

Ошондой эле Казыбек айылындагы сүт өндүрүүчүлөр жамаатына 1 млн 350 сомго сүт чогултуучу 2 тонналык танкер жана сүттү анализдөөчү жабдуулар алынып берилди.

Пикир

Оставить комментарий