• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто курулуп жаткан жер үстүнөн өтүүчү жөө өтмөк урап түштү. Мэрия үн катты (видео)

Аймак 0


Бишкек, 05.08.23./Кабар/. Ошто курулуп жаткан жер үстүнөн өтүүчү жөө өтмөк урап түштү. Окуя тартылган видео социалдык тармактарга тарады.

Ош шаардык мэриясы үн катып, жаңыдан куюлуп жаткан бетон агып түшүп калгандыгын билдирди.

"Жөө өтмөк кулап түштү, көпүрө кулады деген маалыматтар тарап жатат. Өтмөктүн бетон куйган тарабы турат. Эч нерсе болгон жок. Азыр айтылып жаткан жер бетон куюу учурунда бир бөлүкчөсүндө техникалык мүчүлүштүк болуп, жаңыдан куюлуп жаткан бетон агып түшүп калган. Өтмөктүн негизги конструкциясына эч кандай зыян келген эмес", – деп айтылат маалыматта.

Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Шумкарбек Пайзиевдин айтуусуна караганда, келтирилген чыгымды куруучу компания өз жоопкерчилигине алган.

Пикир

Оставить комментарий