• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Гүлжигит Алыкулов "Неман" клубу менен 1,5 жылга келишим түздү

Спорт 0

Бишкек, 05.08.23./Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкулов Беларустун Жогорку Лигасында ойногон гродненсктик «Неман» ФК менен 1,5 жылга келишим түздү. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.

Белгилей кетсек, Неман учурда Конференция Лигасынын квалификациясынын 3-раундунда.

Учурдагы 2023-жылкы сезондо «Неман» Белорусь чемпионатында 1-орунду ээлейт - 10 жеңиш, 2 тең чыгуу жана 2 жеңилүү.

Гүлжигит буга чейин 2019-жылдын сезонунда «Неман» үчүн ойногон - 24 беттеш, 4 гол жана 4 голдук пас.

2020-2023-жылдары Алыкулов «Кайраттын» курамында ойногон - 99 беттеш, 13 гол жана 13 голдук пас.

Гүлжигит Кыргызстандын Улуттук курамасында 2019-жылдын 11-июнунда Палестина менен болгон беттеште дебют жасаган. Анда 21 беттеш өткөрүп, 3 гол киргизди.

Белгилей кетсек, аталган клубда кыргызстандык футболчу Алимардон Шукуров дагы ойнойт.

Пикир

Оставить комментарий