• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Аякс" "Реалды" жеңип, Чемпиондор лигасынын 1/4 финалына чыкты

Спорт 0

Бишкек, 06.03.19 /Кабар/. Кечээ футбол боюнча УЕФА чемпиондор лигасынын 1/8 финалдык оюндарынын жооптук беттеши болду.

Нидерланддык "Аякс" Мадридде "Реалды" 4:1 эсеби менен жеңип, Чемпиондор лигасынын ¼ финалына чыкты. Биринчи оюнда "Реал" "Аяксты" 2:1 эсебинде уткан болчу.

Ал эми англиялык "Тоттенхэм" германиялык "Боруссия Дортмунд" клубуна коноко барып, 1:0 эсеби менен жеңип алды. Биринчи оюнда дагы англиялык клуб 3:0 эсебинде жеңишке жеткен эле.

Эске салсак, бүгүн "Порту" менен "Рома", ал эми ПСЖ "Манчестер Юнайтед" менен ойнойт.

Пикир

Оставить комментарий