• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сульшер “Манчестер Юнайтед” клубунун машыктыруучусу кызматынан кетти

Спорт 0

Бишкек, 22.11.21. /Кабар/. Уле-Гуннар Сульшер англиялык “Манчестер Юнайтед” футболдук клубунун башкы машыктыруучусу кызматынан кетти. Бул тууралуу аталган клубдун расмий сайты билдиргенин Р-спорт басылмасы жазды.

Алдыдагы оюндарда машыктыруучу милдетти Майкл Каррик аткарат. МЮ беттештердин сезону аяктаганга чейин башкы машыктыруучунун милдетин аткаруучу кызматына талапкерди издөөдө.

Эскерте кетсек, Сульшер “Манчестер Юнайтед” клубунун машыктыруучунун м.а. болуп 2018-жылы дайындалган. 2019-жылы башкы машыктыруучу болгон.

Пикир

Оставить комментарий