• 88.68
  • 95
  • 0.95

Run the Silk Road 2024 эл аралык марафонуна мамлекет тарабынан 11 млн сом бөлүндү

Спорт 0

Бишкек, 18.04.24. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында 4-майда Ысык-Көл Run the Silk Road 2024 эл аралык марафону өтөт. Быйылкы жарышка 3 миңге жакын жөө күлүк катышат деп болжолдонууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында уюштуруучулар маалымдашты.

Дене тарбия жана спорт департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиевдин айтымында, эл аралык марафондо 42 км, 21 км, 10 км жана 3 чакырымга чуркоолор уюштурулат. Марафонду уюштурууга мамлекет тарабынан 11 млн сом бөлүндү.

“ШКУнун алкагындагы биздин эл аралык марафон жыл сайын өткөрүлүп келет. Марафон Эл аралык жеңил атлетика уюму тарабынан сертификатталган. Ошондой эле Дүйнөлүк жеңил атлетика уюму тарабынан да таанылган. Бул ирет 3 миңге чукул катышуу келет деп эсептеп жатабыз. Министрлер кабинетинин колдоосу менен салтка айланган спорттук иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүүгө камдануудабыз”, - деп белгиледи Токтоналиев.

Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча федерациясынын башкы катчысы Мелис Надыров билдиргендей, марафондо Олимпиада оюндарына жолдомо алууга белсенген спортчуларга чоң мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.

Анда ар кайсы өлкөнүн жөө күлүктөрү нормативдерди аткаруу менен жолдомо утууга упайларды топтой алат. Ал үчүн техникалык адистердин тобу иштейт, ошону менен бирге допинг тестке текшерүүлөр жүргүзүлөт.

Көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде өтө турган жарышка учурда 2 500дөн ашык катышуучу катталганын Эл аралык марафон дирекциясынын аткаруучу директору Айгерим Валишева айтат.

“Марафонго катышам дегендер 30-апрелге чейин катталып үлгүрүп калышы керек. Быйылкы марафонго балдар жарышы да кошулганын белгилеп кетким келет. Ошондуктан сергек жашоого умтулган катышуучуларды иш-чарага активдүү катышууга чакырабыз. Марафонго катталуу үчүн катышуучулар 2 400 сом төлөөсү кажет. Ал эми майыптыгы бар жарандар акысыз катталат. Азыр алардан 50ү катталды”, - деди ал.

Бүгүнкү күндө Ысык-Көл Run the Silk Road-2024 эл аралык марафонуна 18 мамлекеттен катышуучу катталды. Алардын арасында Кыргызстан, Кытай, Япония, Түштүк Корея, АКШ, Италия, Испания, Чехия, КМШ жана ШКУга мүчө мамлекеттер да бар.

Маарага жетип келгендерге акчалай сыйлыктар жана атайын белектер тапшырылат. Байге фонду 1 млн 534 миң сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий