• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Россиянын хоккей федерациясынын адистери жаш хоккейчилерди даярдоонун өзгөчөлүктөрүн айтып беришти

Спорт 0

Бишкек, 21.09.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Бишкекте 11-15-сентябрь аралыгында Россиянын хоккей федерациясынын адистери кыргыз машыктыруучулары үчүн “жаш хоккейчилерди даярдоонун өзгөчөлүктөрү” темасы боюнча семинар өткөрүштү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР хоккей федерациясынан кабарлашты.

Иш чара эки өлкө федерациясынын ортосундагы кызматташтык меморандумунун алкагында өткөрүлгөн.

Семинардын алкагында жерде жана муз үстүндө теориялык жана практикалык көнүгүүлөр жасалды.

“Биз абдан чоң тажрыйба алдык. Себеби дегенде Россия дүйнөлүк хоккей боюнча эң алдыңкы оорунду ээлеп келет эмесби. Хоккей боюнча келечекте татыктуу жеңүүчүлөрдү даярдайбыз деген ишенич бар”,-деп билдиришти КР хоккей федерациясынан.

Иш чаранын аягында катышуучуларга сертификаттар ыйгарылды.

Пикир

Оставить комментарий