• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Макгрегордон жеңилген Серроне жаракатынан улам жарым жылга чейин беттеш өткөрө албашы мүмкүн

Спорт 0

Бишкек, 22.01.20. /Кабар/. Америкалык мушкер Дональд Серроне алган жаракатынан улам жарым жылга чейин беттеш өткөрө албашы мүмкүн. Бул тууралуу MMA Junkie сайты билдиргенин Чемпионат басылмасы жазат.

Лас-Вегастагы беттеште Серроне ирландиялык мушкер Конор Макгрегор менен беттеш өткөргөн. Таймаш 40 секундга созулуп, Серроне техникалык нокаут менен утулуп калган.

Жарым орто салмакта өткөн беттеште америкалык мушкер бутунан жана көзүнөн жаракат алган. Дарылануусу жарым жылга чейин созулушу күтүлүүдө.

Серроне карьерасында 51 беттеш өткөргөн. Алардын 36сын жеңсе, он төртүн утулуп калган жана бирөөсүндө тең чыккан.

Эскерте кетсек, Макгрегор UFC уюмунун рейтингде 11-сапка көтөрүлгөн. Эки сапка көтөрүлүшү UFC 246 мелдешинде америкалык Дональд Серронени 40 секундда утуп алганы себеп болгон.

Пикир

Оставить комментарий