• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакстан Кыргызстандын нотасына жооп берди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21.09.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын убактылуу ишенимдүү өкүлүнө Казакстан тараптан жооп нота тапшырылганын “Казинформ” маалымат агенттиги Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматына таянып билдирет.

20-сентябрда Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Кыргыз Республикасынын иштеринде убактылуу ишенимдүү чакырылып, ага КР ТИМдин дарегине жооп нота тапшырылган. Анын мазмуну төмөнкүдөй: “... Казакстан тарап Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 19-сентябрда Алматада өткөн Казакстан Республикасынын президенти Н.Назарбаев менен КР Президенттигине талапкерлердин биринин жолугушуусу болгон мамилесине таң калуу билдирет. Мамлекет башчынын көрүнүктүү саясий ишмерлер жана ар кыл өлкөлөрдүн саясий партияларынын жетекчилери менен жолугушуусу алардын өтүнүчү менен дайыма болуп келет жана бул эл аралык тажрыйбага ылайык келет. Ошол эле учурда мындай иш чаралар ачык, транспаренттик мүнөзгө ээ жана жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдырылат”.

Казакстандын тышкы саясий ведомствосунун документинде 14-августта Астанада мамлекет башчысы КР Президенттигине башка талапкер, мурдагы экс-премьер-министр С.Жээнбеков менен жолугушканын белгиленет.

“Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекет башчынын сөздөрүн туура эмес түшүндүрүүсүнө түшүнбөстүк билдиребиз. Бул белгиленген жолугушуулардын жүрүшүндө Казакстан Республикасынын президенти Кр Президенттигине тигил же бул талапкердин пайдасына сүйлөгөн эмес. Ал гана эмес, Астанадагы жана Алматадагы кыргыз өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө мамлекет башчы боордош кыргыз эли ишеним көрсөткөн КР Президенти менен кызматташууга даярдык билдирген, - деп айтылат Казакстандын ТИМнин нотасында. Буга байланыштуу Кыргыз тараптын ички иштерге кийлигишүү жана КР элине таасир берүү аракеттери жөнүндө божомолдорун чечкиндүү түрдө четке кагабыз. КР ТИМдин мындай реакциясы Казак тарап карманган эки элдин ортосундагы бир туугандык мамилелерге, Казакстан менен Кыргыз Республикасынын союздаш мамилелерине каршы келет...”

Эскерте кетсек, Казакстан тарапка 20-сентябрда КР ТИМдин нааразычылык нотасы тапшырылган.

Пикир

Оставить комментарий