• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстанда 1-класстардын окуучуларына президенттик белектер 14-сентябрдан тарта таратылат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.09.20. /Кабар/. Өзбекстанда 1-класстардын окуучуларына президенттик белектер 14-сентябрдан тартып таратыла баштайт.

Өлкөнүн Элдик билим берүү министрлиги окуучуларды жана ата-энелерди топтобоо үчүн белектер бөлүп-бөлүп таратыларын маалымдады.

Буга чейин жергиликтүү басылмалар президенттик белектерди таратуу 14-сентябрга белгиленгенин жазган. Бардыгы болуп аны 1-класстын 650 окуучусу алат.

Президенттик белекте окуу куралдарынын 12 түрү, анын ичинде: китепкап, дептер, боектор, түстүү барактар, пеналдар, калем жана карандаштар, пластилин, клей жана өчүргүч бар.

Белектер салттуу түрдө мектептерде жана онлайн окуган окуучулардын баарына берилет. Министрлик ата-энелерден окуу куралдарын алууда карантин чараларын сактоону өтүнүүдө.

Пикир

Оставить комментарий