• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандан Түркия жана БАЭ өлкөлөрүнө аба каттамдар кандай тартипте жүргүзүлүүдө? Жооп

Коом 0

Бишкек, 10.09.20. /Кабар/. Республикалык штаб Кыргызстандан Түркия жана БАЭ өлкөлөрүнө аба каттамдар кандай тартипте жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат менен бөлүштү.

Штабдын билдирүүсүнө таянсак, Түркия жана Бириккен Араб Эмиратынын авиациялык бийликтеринин ортосундагы жетишилген макулдашууга ылайык, 2020-жылдын 10-августунан тартып эл аралык үзгүлтүксүз каттамдар төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлүүдө:

"Авиа Траффик Компания" авиакомпаниясы: Бишкек-Стамбул-Бишкек багыты боюнча жумасына 2 жолу. Бишкек-Анталья-Бишкек багыты боюнча жумасына 1 жолу;

"Түрк аба жолдору" авиакомпаниясы Стамбул-Бишкек-Стамбул багыты боюнча жумасына 4 жолу;

"Пегасус Эйрлайнс" авиакомпаниясы Стамбул-Бишкек-Стамбул багыты боюнча жумасына 4 жолу. Анталья - Бишкек - Анталья багыты боюнча жумасына 1 жолу;

"Флай Дубай" авиакомпаниясы Дубай-Бишкек-Дубай багыты боюнча жумасына 3 жолу;

"Эйр Арабия" авиакомпаниясы Шарджа-Бишкек-Шарджа багыты боюнча жумасына 1 жолу;

"Азыркы күндө Россиядан Кыргызстанга чартердик авиакаттамдар жүргүзүлүүдө, атап айтканда: Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск, Сургут, Иркутск жана Красноярск шаарларынан", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий