• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Күзүндө бардык маморгандардын маалыматтарын санариптештирүү башталат – Инфоком

Коом 0

Бишкек, 04.03.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын күзүндө бардык мамлекеттик органдардын маалыматын санариптештирүү башталат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын директору Рыскулбек Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында, бул жылы Маалыматтарды санариптештирүү борборун түзүү пландалган.

“Учурда көптөгөн маморгандар маалыматтарды санариптештирүүнү аяктай элек, ошондуктан мамлекеттик кызматтарды онлайн алуу мүмкүн эмес. Бирок, бул жылы биз Маалыматтарды санариптештирүү борборун алууну пландаганбыз. Ошентип, үстүбүздөгү жылдын күзүнөн тарта масштабдуу иштер башталат, ал эми келерди жылдын жайынан баштап онлайн мамлекеттик кызмат көрсөтүү пилоттук режимде көрсөтүлө баштайт”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий