• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Депутат Ирина Карамушкина адамдарды туткунга алууга шектелүүдө – Башкы прокуратура

Коом 0

Бишкек, 22.08.19. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Кош-Таштагы окуя боюнча адамдарды туткунга алууга шектелип жатат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн ага Кылмыш кодексинин "Туткунга алууга катышуу" беренеси боюнча шектелип жатканы билдирилген.

Эскерте кетсек, 7-август күнү кечки маал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында атайын даярдыктагы бөлүктүн бир кызматкери каза болуп, 70тан ашык киши ар кандай жаракат алган.

8-август күнү Алмазбек Атамбаев кармалып, Биринчи май райондук соту аны 26-августка чейин камакка алуу чечимин чыгарган. 20-августта сот Атамбаевдин камакта калуу мөөнөтүн 26-октябрга чейин узарткан.

Пикир

Оставить комментарий