• 88.68
  • 95
  • 0.95

Азия чемпионаты (U-16): КР бокс боюнча өспүрүмдөр курамасынын 2 мүчөсү күмүш медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 03.11.23. /Кабар/. Кыргызстандын бокс боюнча өспүрүмдөр курама командасынын мүчөлөрү Дилербек Садиров жана Арваз Ахмади Астана шаарында (Казакстан) өтүп жаткан Азия чемпионатынын күмүш медалына ээ болушту.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, 57 кг чейинки салмакта катышкан Дилербек Садиров алтын медаль үчүн беттеште индиянын мушкерине жеңилип, 2-орунду ээледи.

Ал эми 63 кг чейинки салмакта Арваз Ахмади финалдык беттеште түркмөнстандык мушкерге жеңилип, күмүш медалга ээ болду.

Белгилей кетсек, буга чейин 66 кг чейинки салмакта Рамазан Исаев коло медалга ээ болгон.

Ошондой эле кыздар арасында 50 кг чейинки салмакта Айсезим Кушубекова, 57 кг чейинки салмакта Зарина Курбанова жана 63 кг чейинки салмак ченинде Арууке Камытбекова коло медалга ээ болушкан.

Пикир

Оставить комментарий