• 88.68
  • 95
  • 0.95

Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүрүп, жол маал-маалы менен жабылат

Коом 0

Бишкек. 03.11.23. /Кабар/. Боом капчыгайында 6-ноябрдан 10-ноябрга чейин таштарды атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, темир жолдун 3898-3899-чакырымында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт.

Мындан улам жолдор саат 09:00дөн 15:00гө чейин жабык болот.

“Кыргыз темир жолу” ишканасы жарандарга автоунаа менен барчу жолду алдын ала пландаштырууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий