• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Азия Кубогу-2019: Кыргызстан курама командасы Индия курамынан утулду

Спорт 0

Бишкек, 14-июнь /Кабар/. Азия кубогу-2019 тандап алуу турунун алкагында Кыргызстандын курама командасы Индия командасына 0:1 эсебинде уттурду. Оюн 13-июнда Бангалор шаарындагы “Sree Kanteerava” стадионунда өттү.

Индия курама командасынын чабуулчусу 69-мүнөттө бир гол киргизүүгө үлгүрдү. Оюндун аягында кыргыз командасы кысым көрсөткөнүнө карабастан, жыйынтык ошол бойдон калды.

Экинчи оюнда Мьянма курамынын А группасы Макаону 4:0 гө жеңди.

Эскерте кетсек,кыргыз курама командасы 29-марттагы биринчи оюнда Макао курамын 1:0 эсебинде жеңген. Ошондой эле Индия Мьянманы 1:0 эсебинде утуп минималдуу жеңишке жеткен.

Кыргызстан өздүк курамында 3 упай менен 3-орунда турат.1-орунда 6 упай менен Индия командасы, 2- орунда Мьянма командасы 3 упай менен Кыргызстандан алдыга озуп чыкты.

Азия Кубогу -2019 тандап алуу турундагы оюндар 2017-жылдын 28-мартынан 2018-жылдын 27-мартына чейин созулат. Ар бир курамдан тандалып алынган эки мыкты команда Бириккен Араб Эмиратында өтүүчү финалдык Кубок оюнунда ойноого мүмкүнчүлүк алат.

Финалга жолдомо алган 12 команда: Австралия , Кытай, Ирак, Иран, Япония,Түштүк Корея, Катар, Сирия, Сауд Арабия, Таиланд, Өзбекстан жана Бириккен Араб Эмираттарынын командалары.

Пикир

Оставить комментарий