• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда кол күрөш боюнча мэрдин кубогу үчүн мелдеш өттү

Спорт 0

Бишкек, 31.01.22. /Кабар/. Кечээ, 30-январда Жалал-Абад шаарындагы №6 мектепте кыздар жана балдар арасында кол күрөш боюнча мэрдин кубогу үчүн мелдеш өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдешке Жалал-Абад шаарынын аксакалдар кеңешинин төрагасы Дүйшөн Мамасалиев, Кол күрөш федерациясынын президенти Каныбек Эсенгелдиев, Баткен, Ош, Жалал-Абад , Ысык-Көл облустарынан жана Бишкек шаарынан 271 спортчу катышты.

Женүүчүлөр кубок, медаль жана баалуу белектер менен сыйланды.

Белгилей кетсек, аталган спорттук иш-чара Жалал-Абад шаарында калаа башчысы Эрнисбек Ормоковдун колдоосу менен алгачкы ирет уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий