• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандык балбандар Индиядагы чемпионатта 12 медаль жеңип алышты

Спорт 0

Бишкек, 25.07.18. /Кабар/. Кыргызстандык спортчулар Индияда өткөн спорттук күрөш боюнча Азия жаштар чемпионатында мыкты жыйынтык көрсөтүштү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Турнир 17нен 22-июлга чейин Нью-Дели шаарында өтүп, биринчи болуп килемге грек-рим күрөшүнүн өкүлдөрү чыгышкан. Аталган спорттун түрү боюнча Кыргызстандын курама командасы жалпысынан 3 күмүш, 3 коло медаль утуп алган. Жалпы командалык эсепте Кыргызстан 3-орунду алган.

Жыйынтыктар:

- 63 кг Элдияр Сатаров (коло);
- 67 кг Калмурат Ибрагимов (күмүш);
- 72 кг Бексултан Назарбаев (күмүш);
- 77 кг Темирлан Бектурдиев (коло);
- 82 кг Азат Салидинов (күмүш);
- 97 кг Данияр Шеримбеков (коло).

Андан сырткары аялдар арасындагы күрөш боюнча мелдеш өтүп, Мээрим Жуманазарова (68кг) жана Айпери Медет кызы (76 кг) алтын медаль утуп алышкан. Кыздардын жеңиши Кыргызстандын жалпы командалык эсепте үчүнчү орунду алышына мүмкүнчүлүк берген.

Килемге акыркы болуп эркин стилдеги балбандар чыгышкан. Алар 1 күмүш, 3 коло медаль утуп алышкан.

- 57 кг Алмаз Сманбеков (коло);
- 65 кг Эрназар Акматалиев (күмүш);
- 86 кг Динисламбек Таалайбек уулу (коло);
- 97 кг Кунай Нурдавлетов (коло).

Курама командалар Спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекциянын эсебинен каржыланды: грек-рим күрөшү - 540 миң, эркин күрөш - 655 миң, аялдар арасындагы күрөш – 811 миң сом.

Пикир

Оставить комментарий