• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын кыздар курамасы Азия чемпионатынан кайтып келишти

Спорт 0

Бишкек, 13.04.23. /Кабар/. Кыргызстандын кыз-келиндер арасында күрөш боюнча курама командасы Казакстанда өтүп жаткан Азия чемпионатынан кайтып келишти.

Спортчуларды бүгүн, 13-апрелде "Манас" эл аралык аэропортунда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, спортчулардын жакындары жана күйөрмандары тосуп алышты.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын кыз-келиндер арасындагы курамасы Азия чемпионатында үч медаль уткан:

1-орун — Айсулуу Тыныбекова (62 кг);
2-орун — Айпери Медет кызы (76 кг);
3-орун — Калмира Билимбекова (59 кг).

Белгилей кетсек, күрөш боюнча Азия чемпионаты 9-14-апрель күндөрү Астана шаарында өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий