• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Реал" Европанын эң кирешелүү клубу аталды, "Барселона" – экинчи, "МЮ" – үчүнчү орунда

Спорт 0

Бишкек, 25.01.19 /Кабар/. Мадриддик "Реал" 2017-2018 жылдардын жыйынтыгы боюнча Европанын эң кирешелүү футболдук клубу аталды. Клубдардын кирешелери тууралуу маалыматты Deloitte компаниясы жарыялады.

"Реал" өткөн жылдары 750,9 млн евро тапкан. Экинчи орунда "Барселона" турат, анын жылдык кирешеси 690,4 млн еврого жетти.

Үчүнү орунда 666 млн евро кирешеси менен "Манчестер Юнайтед" турат.

Топ-5ке мюнхендик "Бавария" (629,2) жана "Манчестер Сити" (568,4) кирди.

Deloitte компаниясынын маалыматы боюнча, футбол клубдарынын кирешеси Чемпиондор лигасына катышуусу жана туура жүргүзүлгөн маркетингге байланыштуу.

Эске салсак, Европанын эң кирешелүү 20 клубунун арасынан - тогузу Англиядан.

Пикир

Оставить комментарий