• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кагазга тартылган "айнек": Япониялык стюардессанын тамашасы Интернет колдонуучуларын күлдүрдү

Дүйнө 0

Бишкек, 25.01.19. /Кабар/. Японияда стюардесса учактын ичинде өзүнүн орду жакпай калган жүргүнчүнүн маселесин чечип, жалпы Интернет колдонуучуларын күлдүрдү.

DailyMail басылмасы жазгандай, жүргүнчүлөрдүн бири айнектен алыс отуруп калып, көпкө чейин нааразы болгон. Стюардессалар суусундук таратып жүргөндө нааразы болгон жүргүнчү орун алмаштырып же болбосо "терезе" алып келип берүүнү талап кылган.

Стюардесса абалдан чыгуунун айласын таап, кагазга тартылган "айнек" алып келип, жүргүнчүнүн капталына чаптап койгон. Тапкыч кызматкердин кылыгы учактын ичинде отурган башка жүргүнчүлөрдү күлдүргөн. Алардын бири "кагаз айнекти" сүрөткө тартып, социалдык түйүнгө жайгаштырган.

Өз кезегинде Интернет колдонуучулар амалкөй, тапкыч стюардессаны мактап, анын тамашакөйлүгүнө баа беришкен.

Пикир

Оставить комментарий