• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Азия чемпионаты: Жолдошбеков менен Токтомамбетов коло байге жеңди

Спорт 0

Бишкек, 13.04.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык балбандар Орозобек Токтомамбетов менен Улукбек Жолдошбеков Казакстанда өтүп жаткан эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында коло медаль утту.

Коло үчүн кармашта Орозобек Токтомамбетов (70 кг) ирандык балбанды 2:1 эсебинде, ал эми Улукбек Жолдошбеков (65 кг) өзбекстандык атаандашын 2:2 эсебинде (акыркы упайды алган спортчу жеңет) артта калтырды.

Аталган мелдеште грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов (77 кг), Жоламан Шаршенбеков (60 кг) жана Акылбек Талантбеков (82 кг) алтын, Үзүр Жузупбеков (97 кг) күмүш, Роман Ким (130 кг) Раззак Бейшекеев (67 кг) жана Адилхан Нурланбеков (72 кг) коло медаль багындырса, кыз-келиндер күрөшү боюнча Айсулуу Тыныбекова (62 кг) алтын, Айпери Медет кызы (76 кг) күмүш, Калмира Билимбекова (59 кг) коло медаль тагынды.

Бүгүн, 13-апрелде эркин күрөш боюнча мелдеште Алмаз Сманбеков (57 кг) күмүш медалга ээ болду.

Белгилей кетсек, Азия чемпионаты 9-14-апрель күндөрү Астана шаарында өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий