• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Грек-рим күрөшү боюнча курама команда Дүйнө чемпионатынан кайтып келди

Спорт 0

Бишкек, 31.10.23. /Кабар/. Бүгүн грек-рим күрөшү (U-23) боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Албаниянын Тиран шаарында өткөн Дүйнө чемпионатынан кайтып келишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Спортчуларды “Манас" эл аралык аэрпортунан Дене тарбия жана спорт департаменинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Мелис Тобокелов, КРнын күрөш федерациясынын өкүлдөрү жана спортчулардын жакындары тосуп алды.

Белгилей кетсек, грек-рим күрөшү боюнча курама команданын мүчөсү Ырыскелди Максатбек уулу Дүйнө чемпионатында 77 кг чейинки салмакта коло медалга ээ болгон.

Курама команда башкы машыктыруучу Азат Эркимбаев, улук машыктыруучулар Улукбек Карачолоков жана Арсен Эралиевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Пикир

Оставить комментарий