• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Роналду: Азыр оюнчулар өзүн көрсөтпөсө да 100 миллион евро турат

Спорт 0

Бишкек, 21.08.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Италиялык "Ювентус" клубунун жылдызы Криштиану Роналду футболчулардын келишим баасына кескин түрдө сын айтты. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы жазып чыкты.

"Заманбап футболдо эсептөө жүргүзүү кыйла кыйын болуп калды. Футбол индустриясы мурункудан айырмаланууда. Эгер Жуан Феликсти эске албаганда, азыр ар бир оюнчу өзүн көрсөтпөсө да 100 миллион турат. Футбол тармагында акча көп болуп, коргоочу менен дарбазачы да 70-80 миллион евро турушу мүмкүн", - деген Роналду.

Эскерте кетсек, 19 жаштагы Жуан Феликс мадриддик "Атлетико" клубуна "Бенфика" клубунан 126 миллион еврого өткөн. Муну менен ал Роналдудан ашып, тарыхта эң кымбат португалиялык футболчу болуп калды.

Пикир

Оставить комментарий