• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткен облусунда арзан көмүр саткан 6 кампа ачылды. Дареги

Аймак 0

Бишкек, 31.10.23. /Кабар/. Баткенде президенттин облустагы өкүлчүлүгү жана "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын "Түштүк" филиалынын биргелешкен аракети менен арзан көмүр саткан 6 кампа ачылды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, бул кампаларда БР маркасындагы көмүрдүн тоннасы 5 миң сомдон сатылууда.

"Арзан баадагы көмүр биринчи кезекте 2021-2022-жылдардагы чек ара окуяларынын жабырлануучуларына, социалдык жактан муктаж үй-бүлөлөргө берилет. Андан соң катардагы жарандардын да алуу мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми Лейлек жана Баткен району, Баткен шаарындагы көмүр кампаларында Сүлүктү кенинин көмүрү, ал эми Кадамжай жана Кызыл-Кыя шаарында Бел-Алма кенинин көмүрү сатылат", - деп айтылат маалыматта.

Төмөндө көмүр кампалардын даректери:

- Лейлек районунун Кулунду айыл аймагы, ЦРМдин аймагы;

- Раззаков шаары, Тазалык ишканасынын аймагы;

- Баткен шаары Самат Сыдыков көчөсү, болжол менен Баткен ТВнын арт жагы;

- Кадамжай району, МАИ кызматынын айып короосунун алды;

- Ак-Татыр айыл өкмөтү, Рават айылы, Колтук көчөсү, ү№25;

- Кызыл-Кыя шаары, Жусубалиева №137.

Пикир

Оставить комментарий