• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абадда коомдук транспортто санитардык эрежелердин сакталышы текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 26.05.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы коомдук транспорттордо санитардык-эпидемилогиялык эрежелердин сакталышы текшерилди. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө эрежени сактабагандарга тийиштүү адистер тарабынан эскертүүлөр берилди.

Мындай текшерүүлөр алдыда коомдук тамактануучу жайларда, соода жайларында жана өнөр жай ишканаларында улантылат.

Пикир

Оставить комментарий