• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Медиа аял укуктарын көтөрүп чыкпайт”. Гендердик маселелер боюнча адистин үнү

Аймак 0

Бишкек, 08.09.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Нарын шаарында “Аймактык медиалар бүгүн жана эртең” темасындагы республикалык II “Ийгиликке кадам” медиафоруму өтүүдө.

Медиафорумдун алкагында өткөн “Гендердик маселелерди жана майыптык теманы туура чагылдыруу” сессиясынын спикери, гендердик маселелер боюнча адис Айзада Калканбекованын айтымында, медиада гендердик теңдүүлүктү сактоодо стереотиптерди колдонбоо маанилүү ролду ойнойт.

“Стереотип – алдын ала калыптанган пикир (ой). Гендердик стереотип тарыхтан бери жыныстык өзгөчөлүгү менен эле калыптанып калган. Стереотип аялдарга гана эмес эркектерге карата да калыптанарын эске алуу керек. Ал маалымат жана тажрыйбанын аксагандыгынан келип чыгат”, - дейт ал.

Калканбекова белгилегендей, медиа өкүлдөрү аялдардын укуктарын көтөрүп чыкпайт. “Ошондой эле медиа аялдарды эксперт катары чагылдырбайт, алар катышкан терс же “аял” деп баса белгиленген маалыматтар көп берилет. Аны менен катар аялдарга “үй кожейкеси” деген образ калыптанып калган”, - деди ал.

Адис ЖМК тең салмактуулукту, образдардын ордун туура берүү жана гендер маселеси боюнча эксперттер менен кеңешип туруусу керек экендигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, форумдун алкагында төмөнкү темалар каралат:

1. “Социалдык тармактар жана медиа”;

2. “Чакан ЖМК – аймактык медианын келечеги”;

3. “Медиадагы кастык тил маселеси, аны менен күрөшүүнүн жолдору;

4. “Гендердик маселелерди жана майыптык теманы туура чагылдыруу;

5.“ЖМК жана журналисттердин ишмердүүлүгүндөгү юридикалык коопсуздук;

6. “Медиа жана санариптик коопсуздук;

7. “COVID-19 пандемиясы учурунда медианын каражат булактары жана каржылоо моделдери;

8. “Шайлоону чагылдыруу маселелери”.

Медиафорум эртең, 9-сентябрь күнү да уланат.

Пикир

Оставить комментарий