• 88.68
  • 95
  • 0.95

Талас шаарында мэрдин балатысы өттү

Аймак 0

Бишкек, 29.12.22. /Кабар/. А.Огонбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде Талас шаарынын мэри Аскар Шабдановдун балдар үчүн жаңы жылдык балаты майрамы өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, балаты майрамы Талас шаардык балдар музыкалык мектеби тарабынан уюштурулган оюн-зоок майрамдык концерттик программа менен коштолду.

Калаа башчы Аскар Шабданов өз куттуктоо сөзүндө балатыга келген жаш шаар тургундарын келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, аларга чың ден соолук, окууларына ийгилик каалады.

Белгилей кетсек, мэрдин балатысына жаш курагы 6 жаштан 15 жашка чейинки, жетим, жарым жетим, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, окуунун отличниктери жана ар кандай сынактардын жеңүүчүлөрү, ошондой эле көп балалуу үй-бүлөлөрдүн жана 6-7-апрель революциясынын баатырларынын балдары катышты.

Иш-чаранын соңунда балатыга чакырылган 100 балага таттуу белектер тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий