• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чоң-Кеминдеги өрт: Болжол менен 10 гектар жер түтөп жатат

Кырсык 0


Бишкек, 08.09.21. /Кабар/. Учурда ачык өрт жок, болжол менен 10 гектар жер түтөп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күйгөн жердин жалпы аянты болжол менен 30-50 гектарды түзөт.

Министрлик кошумча маалымат берилерин белгиледи.

Эскерте кетсек, кечээ, 7-сентябрда Чоң-Кемин өрөөнүндөгү Кайыңды айылынын Көк-Жар токоюнда куураган чөптөн, бадалдардан жана дарактардан өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө 408 адам тартылган.

Пикир

Оставить комментарий