• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Талант Мамытов Австриянын Федералдык Кеңешинин президенти Петер Раггл менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 08.09.21. /Кабар/. КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов 7-сентябрда Австриянын Вена шаарында спикерлердин 5-дүйнөлүк конференциясына катышуу алкагында Австриянын Федералдык Кеңешинин президенти Петер Раггл менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун негизги максаты эки тараптуу парламенттер аралык кызматташуу маселелерин талкуулоо болду. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүүнүн бардык аспектилерине токтолушту. Ошондой эле байланыштарды кеңейтүүгө салым кошуп жаткан эки өлкөнүн ортосунда үзгүлтүксүз диалог түзүлгөнү, Кыргызстан менен Австрия Борбордук Азияда жана Европа Бирлигинде бири-биринин маанилүү өнөктөштөрү экени баса белгиленди.

Талант Мамытов австриялык кесиптешине өлкөдөгү ички саясий кырдаал, өткөн кезексиз президенттик шайлоо жана башкаруу формасы боюнча референдум, жаңы Конституция жана эл аралык байкоочулар тарабынан оң бааланган жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана алдыда боло турган парламенттик шайлоо тууралуу маалымат берди. Ал австриялык өнөктөшкө Кыргыз Республикасы өзүнүн эл аралык милдеттенмелери менен мурда кол коюлган эки жана көп тараптуу эл аралык келишимдерди аткара турганын айтты.

Ал эми П.Раггл Жогорку Кеңештин төрагасына учурдагы эпидемиологиялык абалга карабастан спикерлердин дүйнөлүк конференциясына катышканы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Кыргызстандын парламенттик демократиясы Австриянын саясий чөйрөлөрүндө чоң кызыгууну жаратып жаткандыгын баса белгиледи.

Тараптар саясий кызматташтык маселесин талкуулап, эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө эки тараптуу кызыкчылыктарга шайкеш келерин, ошондой эле бул жолугушуу парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө ар тараптуу салым кошорын белгилешти. Алар эки өлкөнүн парламенттик достук топторунун ортосундагы кызматташтыкты жандандырууну, көп тараптуу аянтчаларды, анын ичинде ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын Венада жыл сайын өтүүчү кышкы сессиясын натыйжалуу пайдаланууну макулдашышты.

Андан тышкары, глобалдык коопсуздук, терроризм жана мыйзамсыз миграция менен күрөшүү, дүйнөлүк экономиканы өнүктүрүү сыяктуу маселелерде окшош позицияга ээ экени белгиленди.

Жогорку Кеңештин төрагасынын Австрия делегациясын ЕБ-Борбордук Азия 1-экономикалык форумуна чакыруусуна жооп кылып, П.Раггл тиешелүү түзүмдөргө Кыргызстанга күчтүү делегацияны жөнөтүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө маалымат берип жатканын айтты.

Жолугушуу соңунда Талант Мамытов абдан жемиштүү жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, Питер Рагглды Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий