• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандык спортчулар Казакстанда өткөн эл аралык мелдеште 2 медаль утушту

Спорт 0

Бишкек, 24-апрель /Айжамал Дуйшоева-Кабар/. Кыргызстандык спортчулар Казакстанда өткөн дзюдо боюнча эл аралык мелдеште 2 медаль утуп алышты. Бул тууралуу КРнын күрөш федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, 21-23-апрель аралыгында Казакстандын дзюдо федерациясынын ардактуу президенти Бекет Махмутовдун урматына Алматыда дзюдо боюнча эл аралык турнир өттү. Азия дзюдонун бирикмесинин башкы катчысы Мукеш Кумар мелдештин ардактуу коногу болду.

Мелдештке 6 өлкөдөн жана Казакстандын бардык облустарынан 500гө жакын спортчу катышты.

“Мелдештин биринчи күнүндө биздин спортчу Асман Акылбек уулу 60 кг чейинки салмактык категорияда 3-оруду ээледи. Кристина Нежникова 78 кг салмактык категорияда коло медалдын ээси болууга жетишти”,-деп белгиледи федерациядан.

Пикир

Оставить комментарий