• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чолпон-Атада көк бөрү боюнча президенттин кубогу үчүн мелдеш башталды

Спорт 0

Бишкек, 03.11.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында көк бөрү боюнча президенттин кубогу үчүн мелдеш башталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чолпон-Ата шаарынын ат майданында 2020-жылдын 3-ноябрынан 8-ноябрына чейин өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө арналган көк бөрү боюнча президенттин кубогунун мелдеши өтүүдө.

Сыйлыктар Жогорку жана I лиганын командаларынын арасында ойнотулат.

Мелдеште ат чабыш, эр эңиш, салбуурун боюнча таймаштар дагы өткөрүлөт. Учурда "Жети-Өгүз" менен "Төш-булак" (5:0) командалары улак тартышууда.

Бүгүн "Сокулук – Четинди", "Ай-Тамга – Мурас" жана "Жумгал – Суусамыр" командалары оюн өткөрүүсү күтүлүүдө.

Мелдештердин программасы:

3-7-ноябрь – көк бөрү боюнча турнирдин алдын ала беттешүүлөрү;

7-ноябрь – көк бөрү боюнча 3-орун үчүн мелдеш, эр эңиш, салбуурун боюнча мелдештер;

8-ноябрь – көк бөрү боюнча финалдык мелдештер, эр эңиш, салбуурун, ат чабыш боюнча мелдештер.

Пикир

Оставить комментарий