• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 400 адамдан табылып, 4 жаран каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 03.11.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 400 адамдан табылып, 4 жаран каза болду. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын маалыматына таянсак, коронавирусту Бишкекте - 88, Ош шаарында - 9, Чүй облусунда - 59, Ош облусунда - 33, Талас облусунда - 4, Нарын облусунда - 7, Ысык-Көл облусунда - 35, Жалал-Абад облусунда - 97, Баткен облусунда – 68 адам жуктуруп алган.

Ал эми акыркы бир күндө 547 адам сакайып чыкты. Бишкекте - 125, Ош шаарында - 22, Чүй облусунда - 65, Ош облусунда - 117, Талас облусунда – 12, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда - 38, Жалал-Абад облусунда - 96, Баткен облусунда - 66 киши айыкты.

Коронавирустан жалпы 51 миң 288 адам айыкса, 60 миң 279 киши ооруга кабылган.

Коронавирустан 1 миң 159 жаран көз жумган. Акыркы сутка ичинде 4 өлүм катталды. Бишкек шаарында 2, Баткен облусунда 2 адам каза тапты.

Өлкө аймагындагы стационарларда 3 миң 367 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 889 киши дарыланууда. Сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Ал эми бир суткада үй карантининен 11, стационардан 8 медкызматкер чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 624 учур катталды, алардын ичинен 3 359 медкызматкер айыгып чыкты.

Пикир

Оставить комментарий