• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык дзюдочулар Японияда өтө турган турнирге катышат

Спорт 0

Бишкек, 30.11.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандын дзюдо боюнча улуттук курама командасы Японияда өтө турган Grand Slam сериясындагы турнирге катышат.
КР дзюдо боюнча улуттук федерациядан кабарлашкандай, Tokyo Grand Slam 2017 турнири 2нен 3-декабрь күндөрү Токио шаарында өтөт. Бардыгы болуп эркектер жана айымдар ортосунда 14 медаль ойнотулат. Ал үчүн 65 мамлекеттен 446 спортчу ат салышмакчы.
“Япониянын борборуна 16 адамдан турган делегация барат. 8 спортчу кураманын башкы машыктыруучусу Абдужалил Юнусовдун жетекчилиги алдында болот”,-деп билдиришти федерациядан.
Байге фонду 154 миң АКШ доллары.
1-орун: 5000 АКШ доллары (дзюдочуга: 4000 – АКШ доллары жана машыктыруучуга 1000 – доллар),
2-орун: 3000 долларов (дзюдочуга 2400- жана машыктыруучуга 600),
3-орун: 1500 доллардан (дзюдочуга: 1200 жана машыктыруучуга 300).

Пикир

Оставить комментарий