• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте «Үй-бүлөгө көмөк» программасынын катышуучуларына сертификаттар тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 05.08.23./Кабар/. Бишкек мэриясында социалдык келишимдин негизинде 2023-жылга социалдык жардам берүү программасынын катышуучуларына сертификаттарды тапшыруу аземи өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарагаэмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары Шайлообек Атазов, Дастан Бекешев, борбордун мэринин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков жана Бишкек шаарынын мэринин Социалдык маселелер боюнча орун басары Виктория Мозгачевалар катышты.

Мэриянын убактылуу комиссиясынын отурумунун жыйынтыгы боюнча социалдык контракт түзүү үчүн 104 арыз жактырылган, ар бир үй-бүлөгө 100 миң сомдон.

Катышуучулардын берилген бизнес-пландарына ылайык тигүү жабдууларын сатып алууга, соода ишин уюштурууга, кызматтарды көрсөтүүгө, кондитердик азыктарды даярдоого жана жаңы технологияларды киргизүүгө багытталган.

Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам программасы мазмунуна жараша үч жылга дайындалат жана төмөндөгүдөй максаттарды көздөйт:

- үй-бүлөлөргө турмуштук оор кырдаалдан чыгуу боюнча активдүү аракеттерге түрткү берүү;
- социалдык коргоо системасынан жетиштүү көз карандысыздыкка ээ болуу жана коомдун жашоосуна толук катышуу максатында үй-бүлөлөрдү жашоо деңгээлин жогорулатууга, шыктандыруу;
- үй-бүлөлөрдүн эркин эмгек жана мүлктүк потенциалын коомдук пайдалуу ишке тартуу;
- үй-бүлөлөрдүн социалдык жоопкерчилигин жогорулатуу жана алардын жүрүм-турумундагы бирөөнүн багуусунда болуу жүйөсүн азайтуу;
- чакан ишкердикти өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
- жаңы жумуш орундарын түзүү.

Белгилей кетсек, борбордогу акимиаттарда долбоорлорду тандоо үчүн Социалдык маселелер боюнча комиссиялар түзүлүп, үй-бүлөлөрдүн бизнес-пландарын тандап жана баа беришкен. Социалдык контрактты түзүү укугу жашаган жери боюнча “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпул алуучуларга таандык.

Маалымдама: Жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, аларды турмуштук оор кырдаалдан чыгуу боюнча активдүү аракеттерге шыктандыруу максатында үй-бүлөлөрдү колдоо жана чакан бизнести өнүктүрүүгө дем берүү механизми бекитилген. Механизм Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Социалдык келишимдин негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө” 2022-жылдын, 15 июлунда № 385 токтому менен бекитилген.

Пикир

Оставить комментарий