• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ кызматкерлеринин 80 пайызы вакцинанын биринчи дозасын алды

COVID - 19 0

Бишкек, 20.08.21. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин 80%ы коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алса, 50%ы экинчи дозасы алды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынын аягына чейин жеке курамдын 90%ын камтуу пландалууда.

“Өздүк курам эмдөөнү түшүнүү менен кабыл алып, эмдөөдөн кийин терс таасирлери жөнүндө эч кандай даттануулар болгон жок”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий