• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Коронавирус дагы 128 кишиден аныкталды. Жалпы 47 миң 184 учур

COVID - 19 0

Бишкек, 03.10.20. /Кабар/. Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) дагы 128 адамдан аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Бишкек шаарында 22 адамдан, Ош шаарында - 8, Чүй облусунда – 2, Ош облусунда - 33, Нарын облусунда - 2, Ысык-Көл облусунда – 6, Жалал-Абад облусунда – 17, Баткен облусунда 38 кишиден коронавирус табылган.

Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 47 миң 184тү түзөт. Алардын ичинен 43 миң 278 киши айыгып чыкты, 1 миң 66 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий