• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошко саламаттык сактоо министринин орун басары баштаган дарыгерлер тобу келди

COVID - 19 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. Ош облусуна саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев баштаган дарыгерлер тобу келди.

Каратаев түз эфирде өткөн брифингде эпидемиологиялык очоктордо иштеп жаткан бардык медицина кызматкерлерине ыраазычылык билдирди. “Биз учурда ооруп жаткан бейтаптарды тез сакайтуу үчүн жана толук байланыш түзгөн адамдарды таап, өзгөчө тартипте иш жүргүзүүнү улантып жатабыз”, - дейт Каратаев.

Белгилей кетсек, 15-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 449 кишиге жетти. Алардын ичинен 98и медицина кызматкер. Коронавирустан 78 жаран айыкса, каза болгондордун саны 5 адамды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий