• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда коронавирустан дагы 141 киши айыгып чыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 03.10.20. /Кабар/. Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) дагы 141 адам айыгып чыкты. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Бишкек шаарында 14 адам, Ош шаарында – 26, Чүй облусунда – 6, Ош облусунда – 40, Нарын облусунда – 2, Талас облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 17, Жалал-Абад облусунда – 16, Баткен облусунда 15 киши коронавирустан айыгып, үйүнө чыгарылган.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 128 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 47 миң 184тү түзөт. Алардын ичинен 43 миң 278 киши айыгып чыкты, 1 миң 66 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий