• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баштапкы эмдөө менен бустердин кандай айырмасы бар?

COVID - 19 0

Бишкек, 13.06.22. /Кабар/. Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан баштапкы эмдөө менен бустердин кандай айырмасы бар экендигин айтып беришти.

Бустер/бустердик инъекция — вакцинанын кошумча дозасы, ал убакыттын өтүшү менен иммунитеттин түшүүсүнөн улам бейтаптын иммундук системасын бекемдөөгө арналган. Бустердик доза бардык адамдарга, айрыкча тобокел топторго киргендер үчүн сунушталат.

Бустердик дозаны баштапкы эмдөөнү алгандан кийин 4 ай өткөн соң алуу керек. Бул доза үчүн башка вакцинаны колдонууга дагы болот.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда вакцинанын эки гана түрү: Пфайзер жана Синофарм калган.

"Эгерде сизде каршы көрсөтмөлөр болсо, тобокелдиктерге жол бербөө максатында дарыгер менен кеңешүү зарыл. Ал эми вакциналарды аралаштыруу коопсуз гана эмес, пайдалуу да болот. Лондондук окумуштуулардын пикиринде ар башка технологиялар боюнча өндүрүлгөн эки түрдүү вакцинаны аралаштыруу күчөтүүчү натыйжа берет", - деп айтылат маалыматта

Пикир

Оставить комментарий