• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда июнь окуясынын курмандыктары эскерилди

Аймак 0

Бишкек, 13.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 13-июнда Сузак районундагы “Энелердин көз жашы” эстелигине гүл коюлуп, 2010-жылдагы каргашада курман болгондор эскерилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага облус башчысы Абсаттар Сыргабаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, облус жана райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, окуяда жабыркаган жана курман болгондордун жакындары катышты.

Сыргабаев окуяда каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.

“Июнь окуясы Кыргызстаныбыздын келечеги үчүн ынтымагыбызды арттырып, биримдигибизди бекемдөө зарыл экенин дагы бир жолу ырастаган. Жалал-Абад — көп этностуу облустардын катарына кирет. Июнь окуялары баарыбыз үчүн чоң сабак болууга тийиш. Биз кылымдар бою эриш-аркак, куда-сөөк, бир тууган болуп жашаган көп улуттуу элбиз. Бүгүн биз биримдикти чыңдоо менен, бир эл, бир өлкө катары келечекке багыт алуудабыз", – деди ал.

Белгилей кетсек, 2010-жылдын 12-14-июнь күндөрү болгон окуяда жалпысынан 592 адам жабыр тарткан. Анын ичинен 82 адам каза болуп, 4 адам дайынсыз жоголгон. Облустук бийлик жыл сайын жабыркагандардын муктаждыгына жараша акчалай жардам көрсөтүп келет.

Пикир

Оставить комментарий