• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары ротацияланды

Аймак 0

Бишкек, 28.10.21. /Кабар/. Ош шаарындагы муниципалдык аймактык башкармалыктардын эки башчысы ротацияланды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иштин сапатын жакшыртуу, парламенттик шайлоодо боло турган ыктымал тобокелчиликтердин алдын алуу максатында, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов айрым муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчыларын ротациялоону буйруду.

Ага ылайык, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 30-беренесине, КР өкмөтүнүн ротациялоо тартиби жөнүндө токтомунун жобосуна ылайык, №1- Туран аймактык башкармалыктын башчысы Равшан Мирзабаев менен №6- Курманжан Датка муниципалдык аймактык башкармалыктын башчысы Венера Паизова ротациялоо жолу менен орун алмашып, которулду.

Буйрукка Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов 26-октябрда кол койгон.

КР өкмөтүнүн ротациялоо тартиби жөнүндөгү токтомунун жобосуна ылайык, кызмат адамдары дайындалганына 1 жыл толбосо ротациялоого болбойт. Ош шаардык мэриясынын аймактык башкармалыктарынын башчыларынын көпчүлүгүнүн дайындалганына аз гана убакыт болгондуктан ротациялоо кийинкиге калтырылган.

Белгиленгендей, башка аймактык башкармалыктардын башчыларын, кызмат адамдарын ротациялоо да иштин натыйжалуулугун арттыруу максатында кийинки баскычтарда ишке ашмакчы.

Пикир

Оставить комментарий