• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нарын шаарында майыптыгы бар жарандарга азык-түлүк таратылды

Аймак 0

Бишкек, 04.12.23. /Кабар/. Нарын шаарында майыптыгы бар жарандарга азык-түлүк таратылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, калаа башчысы Канболот Тутуев майыптыгы бар жарандардан кабар алып, азык-түлүктөрдү тапшырып, көйгөйлөрүн укту.

Белгиленгендей, Майыптардын эл аралык күнү карата 20 үй-бүлөгө азык-түлүк, 200 үй-бүлөгө 500 сомдон, 30 үй-бүлөгө 1000 сомдон материалдык жардам көрсөтүлдү.

Ошондой эле "Кумтөр" компаниясы тарабынан майыптыгы бар 130 жаранга азык-түлүк берилди.

Нарын шаарында жалпы 1970 майыптыгы бар жаран бар болсо, анын ичинен 341и 18 жашка толо элек балдар.

Пикир

Оставить комментарий