• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан эл аралык Жарандык коргонуу уюмунун аткаруу кеңешине төрагалык кылат

Коом 0

Бишкек, 28.10.21. /Кабар/. Кыргызстан эл аралык Жарандык коргонуу уюмунун аткаруу кеңешине төрагалык кылат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Женевада (Швейцария) Кыргызстандын төрагалыгы алдында эл аралык Жарандык коргонуу уюмунун аткаруу кеңешинин 54-сессиясында шайлоонун жыйынтыгы менен КР өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев аталган уюмдун аткаруу кеңешинин төрагалыгына дайындалды.

Төраганын орун басары болуп Грузиянын өзгөчө кырдаалдар кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары Леван Гирсиашвили шайланды.

«Дүйнөнүн 60тан ашык өлкөсүнөн турган бул уюмдун аткаруу кеңешине төрагалык кылуу биздин өлкө үчүн чоң сыймык, анткени дал ушул орган жарандык коргонуу, калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо жаатында орчундуу чечимдерди кабыл алат.

Уюм жарандык коргонуу жаатындагы чет мамлекеттер менен аймактык жана глобалдык деңгээлде кызматташууну андан ары өнүктүрүүгө, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү жана улуттук кызыкчылыктарды алдыга жылдыруу үчүн табигый кырсык тобокелдиктерин башкаруу тармагына инвестицияларды тартууга салымын кошот”, - деп белгиледи Бообек Ажикеев.

Пикир

Оставить комментарий