• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзгөчө кырдаалдар министри Сузакта сел каптаган аймактарды кыдырууда

Аймак 0

Бишкек, 05.05.22. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Сузак районунда табигый өзгөчө кырдаал катталган аймакка, өзгөчө кырдаалдарды тез арада жоюу жана координациялоо жумуштарын жүргүзүүдө. Бул тууралуу ведомтвонун басма сөз кызматы билдирди.

Мындан сырткары, министр Ажикеев Кызыл-Багыш айылынын жергиликтүү эли менен да жолугушуп, көйгөйлөрүн укту. Кырдаалды жөнгө салууда жана калк коопсуздугун камсыздоодо министрлик тарабынан тиешелүү чаралар колго алынып, жеке көзөмөлүндө турарын белгиледи.

Учурда ыкчам штаб түзүлүп, кырдаалды жөнгө салуу аракеттери министрдин көзөмөлү астында жүрүп жатат. Жарандык коргонуу кызматынан 260 кызматкер, ӨКМден 135 куткаруучу тартылып, сел каптаган турак үйлөрдө чогулган сел сууларын мотопомпанын жардамы менен тазалоодо.

ӨКМден 12 бирдик, Жарандык коргонуу кызматынан 30 техника тартылып, күйүүчү май менен камсыздалды.

Пикир

Оставить комментарий