• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Оштун калк эң көп жашаган аймагына 625 орундуу мектеп курулууда

Аймак 0

Бишкек, 16-май /Кабар/. Бүгүн, 16-майда Ош шаарынын №9 “Амир-Темур” Аймактык кеңешинде 625 орундуу мектептин курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, иш чарага шаар мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин депутаттары, мекеме ишканалардын жетекчилери, аксакалдар жана жергиликтүү тургундар катышты.

А.Кадырбаев социалдык обьектилердин курулушуна, анын ичинде мектептердин, балдар бакчаларынын курулушуна өзгөчө көңүл бурулуп келе жаткандыгын белгиледи.

“Соңку үч жылда шаарыбызда 6 бала бакча курулуп, пайдаланууга берилди. Учурда дагы 2 бала бакчанын курулушу жүрүп жатат. Ошондой эле, 2 мектеп, бир спорт зал ашканасы менен курулуп, пайдаланууга берилсе ,азыркы учурда 6 мектептин, ашканасы менен 1спорт интернатынын курулушу башталды. Мындан тышкары Кытай Эл Республикасынын колдоосу менен 150 орундуу заманбап оорукана, ФИФАнын каржылоосу менен эл аралык стандартка туура келген эки жана чакан төрт футбол аянтчалары менен футбол Академиясынын курулушу жүрүүдө. Бардык курулуш иштеринин сапатын жеке өзүм көзөмөлдөп, куруучуларга катуу талаптарды коюп келем”,-деди А.Кадырбаев.

Аталган орто мектептин курулуш иштери ушул жылдын февраль айында башталган. Анын жалпы сметалык баасы 234,5 млн сомду, тендердик баасы 147,8 млн сомду түзүп, 625 орунга ылайыкташтырылган.

№9 “Амир-Темур” Аймактык кеңешинде 60 миңге жакын калк жашайт. Аймакта 8 мектеп бар болсо алардын ичинен 2 мектеп стандартка жооп берет. Калганы баштапкы класстарды гана окутат.

Пикир

Оставить комментарий