• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чаткалдын 5 айылын жарыктандырууга акчанын 80%ын алган компания иш жасабай, издөөдө жүрөт

Аймак 0

Бишкек, 19.04.22. /Кабар/. Чаткал районунун Каныш-Кыя аймагында 5 айылга түнкү жарыктандырууга акчанын 80 пайызын алган компания иш жасабай, издөөдө жүрөт. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Мындай маалымат кечээ, 18-апрелде Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаевдин Чаткал районунун тургундары менен өткөн жолугушуусунда айтылды.

Жергиликтүүлөр маселени чечүүдө укук коргоо органдары 2 жылдан бери натыйжалуу иш жүргүзбөй келе жатканын белгилешти. Маалым болгондой, 5 айылды түнкү жарыктандыруу үчүн айыл өкмөт тарабынан жалпысынан 13 миллион 754 миң сом бөлүнүп, 30 пайыз жумуш аткарылган.

Ыйгарым укуктуу өкүл райондогу укук коргоо органдарына көйгөйдү бир айдын ичинде чечүү тапшырмасын берди.

Мындан сырткары, жолугушууда жашоочулар аймакта нотариалдык кызматтын жоктугун айтышты. Өкүл облустук юстиция башкармалыгынын башчысына бир күндүн ичинде маселени чечүүнү тапшырып, аткарылбаса кызмат орду каралаарын билдирди.

Жолугушууда райондогу жол куруу, таза суу, медициналык жардам алуудагы кыйынчылыктар, салык кызматынын ишмердүүлүгүнө болгон нааразычылыктар көтөрүлдү. Абсаттар Сыргабаев көйгөйлөрдүн көбөйүшү жергиликтүү жетекчилердин тийиштүү деңгээлде жумуш аткарбагандыгынын натыйжасы экенине токтолду. Ага кошо райондун ири бюджеттик кирешеси бар айылдарды натыйжалуу иш алып барууга чакырды.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 30 миңден ашуун калк жашайт.

Пикир

Оставить комментарий